Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда каралууда. Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Дастан Бекешев эмне себептен эркектерди абактан мунапыс аркылуу бошотпоо керектигин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, жашы жете электер абактагы терс көрүнүштөрдү өзүнө сиңире электе абактан бошотуу туура.

"Бойго жете элек бала абактан чыкканда ал кылмыш жасоодон алыс болот. Эгер аны 18 жашка толгонунда жалпы абакка отургузса, анда кеч болуп калат. Ал эми айымды абактан чыгарганда, ал үй-бүлөсүнө барат, же үй-бүлө курат. Муну эске алышыбыз керек. Эркектерди бошотууну кереги жок. Биз мындан өткөнбүз. Эркектер абактан чыккандан кийин кайра уурулук, алдамчылыкка барат", — деди Бекешев.

Жыйында “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда каралууда. Ага ылайык, мунапыс жарыялоо социалдык жактан негизделген жараян болуп саналгандыктан, эрезеге жете элек балдарга, жаш балдары бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, 55 жаштан өткөн улгайган аялдарга карата мунапыс берүү сунуш кылынууда. Бул документ менен өтө оор кылмыш жасабаган 901 адамды (827си аял, 74ү жашы жете элек жарандар) абактан бошотуу пландалууда.

21-05-2015

Шилтеме