Кыргызстанда кечки саат 22.00дөн баштап алкоголдук ичимдиктердин сатылуусуна тыюу салууну демилгелеген депутатты бул жуманын лидери деп аныктадык.
Бул аптада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн 08.00гө чейин сатууга тыюу салуу сунушталды. Акыркы убакта жаш өспүрүмдөрдүн жана аялзатынын алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуп жатканы аныкталууда. Мындан сырткары соңку кездерде жаш балдарга зордук-зомбулуктун күчөгөнү маалым. Дал ошондой окуяларга катышкандардын 77 пайызы мас абалындагы адамдардын катыштуулугу менен болгону тастыкталган. Ушундай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн алкоголдук ичимдиктерди cатууга белгилүү бир сааттарда тыюу салуу демилгеленүүдө. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алкоголдук ичимдиктерди көп колдонот деп эсептелбегени менен аны колдонуу жыл өткөн сайын азайган жок.
«Биз адамдарды ичпесин дебейбиз. Каалаган адам арак-шарапты үйүндө иче берет. Биз кафе, ресторандарда ичилишине каршы болгон жокпуз. Болгону күркөлөрдө, дүкөндөрдө, маркеттерде кечки ондон кийин сатылбайт деп тыюу салып жатабыз», — деди Дастан Бекешев.
Кыргызстанда кечки саат 22.00дөн баштап алкоголдук ичимдиктердин сатылуусуна тыюу салууну демилгелеген депутатты бул жуманын лидери деп аныктадык.
Долбоордун автору депутат Дастан Бекешев, негизги максат жарандарды аракечтиктен, ар кандай кырсыктардан коргоо болуп жатканын айтат. Бул жумада мыйзам биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Эгер аны парламент үч окуудан тең колдосо, спирт ичимдиктерин аянты 50 чарчы метрден кем соода түйүндөрүндө, интернет-дүкөндөрү жана башка аралыктан сатуунун бардык жолдоруна тыюу салынып баштайт.
«Кечки 22.00дөн эртең мененки 08.00гө чейин жана желим бөтөлкөлөргө куюлуп сатылгандарына тыюу салынсын деген демилге көтөрүлүп жатат. Себеби алардын баасы арзандап, алуучуларга оңой болууда. Ошондой эле буга интернет аркылуу сатууга да болбойт деген пунктту кошуп жатабыз. Себеби Орусияда ушул жол менен сатылган жолдор аныкталган. Айрым кесиптештер каршы болууда, бирок көпчүлүк колдойт деген ишеничтемин», — деди Бекешев.
08-05-2015
Ссылка