Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси менен бүгүн, 19-мартта мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар медициналык кароодон өткөрүлдү.
Эми адамдар акы төлөөсүз эле терапевт, стоматолог, гинеколог, уролог жана башка адистиктеги дарыгерлердин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалана алышат. Каалагандар ультраүн диагнотикасынан өткөрүлөт.
Жарандарга ыӊгайлуу болсун үчүн дарыгерлер Бишкек шаарынын №6 кичи районунда жайгашкан Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомуна караштуу турак үйлөрүнө барып, көчүп жүрүүчү медицналык жабдуулардын жардамы менен кароо жүргүзүлдү. Эртеӊ дарыгерлер “Көк-Жар” кичи районундагы тургундарга бармакчы.
“Мен бул жараянды ишке ашырган «Life» эл аралык фондунун Кыргызстандагы филиалына жана «Шарджа» (БАЭ) кайрымдуулук ассоциациясына ыраазычылыгымды билдирем”, — деди депутат Д.Бекешев тугундар менен жолугушканда.
«Life» эл аралык фондунун өкүлү Жылдыз Ишеналиева мындай медициналык кароолор мындан ары өлкө аймагында ырааттуу өткөрүлө баштай турганын билдирди.
19-03-2015
Шилтеме