4-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети алкоголдук продукцияны жарнамалоого чектөө киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, 3-окууда жактырды.Мыйзам долбоору менен алкоголдук ичимдикти жарнамалоо убактысын кыскартуу сунушталууда.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, учурда алкоголдук продукцияларды саат 22:00дөн баштап 06:00гө чейин жарнамалоого уруксат берилип келсе, жаңы мыйзам долбоорунда бул убакыт саат 00:00дөн 06:00гө чейин деп белгиленүүдө. Мыйзамды бузгандар үчүн айып пулдун төлөмү жогорулатылмакчы.

Мындан тышкары алкоголдук ичимдиктерди сатуучу кардарлардын жашы шек жараткан учурда алардан паспорт талап кылмакчы.

04/11/2014

Шилтеме