29-октябрда "Ансамбль Мурас" коомдук фонду Эне жана баланы коргоо борборуна Германия мамлекетинен сатып алынып келген заманбап гемодиализ аппаратын кайрымдуулук иретинде колдонууга тапшырды. Анда аталган борбордо дарыланып жаткан 6 адам, алардын көбү балдар бекер кан тазалоо процедурасын алып турмакчы.
Канды тазалоочу гемодиализ аппаратын Фонддун жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор жана музыкант Актан Исабаев тапшырды. Аппарат депутат Дастан Бекешевдин көмөктөшүүсү менен алынды. Кайрымдуулук сертификатты саламаттыкты мактоо министринин орун басары Марат Калиев кабыл алып, Фонддун жетекчиси Актан Исабаев менен депутат Дастан Бекешевге терең ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, Борбордо дарыланып жаткан балдар "Куликовский" кондитердик үйү тарабынан берилген таттуу белектерге ээ болушту.
20/10/2014
Ссылка