Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети жарнама жөнүндө мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, парламенттин кароосуна жолдоду.
Мыйзам долбооруна ылайык, алкоголдук ичимдиктерди саат 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана жарнамалоого уруксат берилет. Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев белгилегендей, эгерде аталган ченем бузула турган болсо, анда ага салынуучу административдик айыптын көлөмү да жогорулатылат.
Комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева мыйзам долбоорунун биринчи редакциясында алкоголдук продукция саткан учурда сөзсүз түрдө ID-кард талап кылуу белгиленгендигин айтты. «Бирок, биз сатуучу шектенүү жараткан алуучудан гана паспортту көрсөтүүнү сурай турган вариантты сунуштадык»,- деп демилгечилердин макулдугун тактады.
30/09/2014
Шилтеме