Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргогон, аларга көмөк көрсөткөн «Тең мүмкүнчүлүк» социалдык борбору ачылды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Владимир Ганжела билдирди.
Анын айтымында, бул социалдык борбор Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо менен аларды иш менен камсыз кылууга көмөктөшөт.
“Биз бул борборду ачуудан мурда бир катар иштерди кылууга жетиштик. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тиешелүү беренелерди изилдеп, кемчиликтерин тапкан соң, мыйзамга толуктоолорду киргизүүгө атайын сунуштарды иштеп чыктык”,-дейт ал.
Мындан сырткары, Владимир Ганжела белгилегендей, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иштөөгө жөндөмдүүлүгү бар экендигин далилдөө үчүн атайын окуу борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуп даярдашкан. Натыйжада, алардын ичинен 6 окуучу жеке компанияга оператордук кызматка киришкен. Тактап айтканда, алар кардарлар менен телефондон байланышып, суроолоруна жооп берип, кадимкидей эле мыкты адистердин деңгээлинде кызмат көрсөтүп жаткандыгын баса белгиледи.
19/05/2014
Шилтеме