“Бүгүнкү күнү биздин жаштар Улуу Ата Мекендик согушта Улуу Жеңиш кандай баа менен келгенин билишпегени өкүндүрөт ” деп айтты бүгүн, 8-майда тегерек столдун жүрүшүндө ЖКнын депутаты Дастан Бекешев.
Анын айтымында, Советтик союз жоюлуп, ага кирген мамлекеттер көз карандысыздыгын алган соң өз тарыхтарын кайра жазып, илгерки улуттук баатырларды, окуяларды тарых китептерине чагылдырып башташкан.
“Биздин чек арадагы жаңжалдар, Украинадагы окуялар ушунун натыйжасы”,- дед эл өкүлү. Мындан тышкары депутат биримдикти урматтоо, кызматташуу деген баалуулукту пропагандалоо керек экендигин баса белгиледи.
08/05/2014
Шилтеме