Чиновниктердин дана алардын жакындарынын компанияларынын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу сала турган мыйзам долбоору бүгүн, 9-апрелде ЖКнын жыйынында 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев менен Ширин Айтматова демилгелеп жатат. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизилүүдө.

Талкууда демилгени депутаттардын көпчүлүгү колдоого алышты.

09/04/2014

Шилтеме