Мас абалында унааны айдаган айдоочуларга 50 миң сом айып пул салынса жол кырсыктары кескин түрдө төмөндөйт. Мындай сунушун депутаттарга Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев берүүдө. Жогорку Кеңеште жол кырсыктарынын санын кыскартууга багытталган эки мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланды.
Талантбек Исаевдин айтымында кырсыктарды айып пулду жогору коюу менен кыскартуу жолу калды. Антпесе өлкөдө бир күндө жол кырсыгынан үч адам каза болот.
Жол кырсыктарынын санын кыскартууга багытталган мыйзамдарга толуктоо киргизип жаткан демилгечилердин бири — депутат Дастан Бекешев. Эл өкүлү жол кырсыгына катышкан тараптардын тең салмактуулугу болмоюн авто кырсыктардын санын азайтуу мүмкүн эмес деген ойдо. Себеби кайсы бир мекеменин өзгөчөлөнгөн номурлуу унаасын айдагандар көп учурда авария жасап, тааныш-билиштик, же кожоюндун кийлигишүүсү менен жоопкерчиликтен кутулат. Мындан улам эл өкүлү мекемелерге таандык болгон унаа номурларын жана ички иштер министрлиги берген атайын талондорду жоюуну сунуштады.
“Башкы прокуратура мыйзамсыз дегенине карабай Ички иштер министрлигинин жетекчилери атайын талондорду берип жатат. Жол-кайгуул кызматынын кызматкери жол эрежесин бузса дагы мисалы “МВД” “ББ” же “КЖ” номерлүү унааларды токтотпойт. Себеби жумуштан чыгып калам деген коркунуч бар” — деди Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы Дастан Бекешев.
Дүйнөлүк банктын 2011-жылдагы эсеби боюнча Кыргызстан жол кырсыгы көп катталган үч жумурияттын бирине кирет. Соңку он жылда авто авариядан Кыргызстанда он үч миң адам каза болгонун айткан депутат Каныбек Иманалиев жылына 1300 адам жолдо көз жумаарын айтты. Ошондо авто кырсыктан күнүнө үч адам каза болот. Буга албетте мас абалында айдагандар, жол эрежесин сактабагандар күнөлүү.
“Айдоочулук күбөлүк бергендерден баштоо керек эч кимге деле жашыруун эмес 200 долларга азыр күбөлүк сатып алсаң болот. Ошон үчүн айдоочулук күбөлүк берген мектептердин ишин текшерүү керек. Алардын жоопкерчилигин кылмыш жазасына тартууга чейин жеткирбесе болбойт. Анда күбөлүктү сатып алып айдап, авария кылгандар көбөйө берет”- деди Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы Каныбек Иманалиев.
Учурда өлкөдө айдоочуларды даярдаган 231 мектеп бар. Анын токсон пайызы жеке билим берүү жайлары-дейт Токон Мамытов. Анын айтымында, 2013-жылы 140 миң жаран айдоочулук күбөлүк алган.
“Мен эл өкүлдөрү менен кошулам. Айдоочуларды даярдаган мектептердин мугалимдеринин ишин жөнгө салып, сапаттуулугун арттыруу керек. Антпесе жол кырсыгынан элдер өлүп жатат. Былтыр авто авариядан эки жүздөн ашык адам каза болсо анын жүз кырк бири жаш балдар” — деди Вице-премьер-министр Токон Мамытов
80 пайыз автокырсыктар жол эрежесин сактабагандыктан келип чыгат-дейт Жол кайгуул кызматынын жетекчиси. Кырсыктын баары түнкүсүн катталаарын айткан Талантбек Исаев авариянын 59 пайыз катышуучусу каза болгонун билдирди. Буга көбүнчө жолдордун начардыгы, көчөлөрдөгү жарыктын жоктугу, жолдордогу эскертүүлөрдүн, жол чырактардын, белгилердин жоктугу себеп болгон. Мындан улам Талантбек Исаев мас абалында унааны айдаган айдоочуларга айып пулдун өлчөмү элүү миң сом болсо жол кырсыктары кескин түрдө төмөндөйт деген ойдо.
“Парламентте жол эрежесин бузгандардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында төрт мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анда депутаттар айдоочу маң затын колдонуп же ичимдик ичкен маалда унааны башкарса айыптын өлчөмүн 9 миң сом кылууну сунуштап жатат. Биз айып пулдун өлчөмүн 50 миң сом кылууну сунуштайбыз. Орусия, Казакстандагыдай айыптын өлчөмү жогору болсо авариялар да азаят” — деди Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев
Бишкек мэринин орун басары Төрөбек Имашов болсо жолдорду тыгындардан бошотуу максатында мэрия тараптан иштер жүрүп жатканын маалымдады. Көп орундуу троллейбус, автобустар алынып келинет. Төрөбек Имашовдун айтымында, эгер былтыр борбордо жүз сексен миң унаа болсо учурда анын саны үч жүз миңден ашык.
19/02/2014
Источник: http://ktrk.kg/ky/content/ichkilik-ichip-unaa-aydagandar-50-min-som-ayyp-tolop-kalyshy-mumkun