Июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларында курулган үйлөрдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар каралган эмес. Бул туралуу бүгүн, 19-февралда парламенттин жалпы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.
Депутат июнь оуясынан кийин курулган үйлөр менен таанышып келгендигин айтты.
"Үйлөрдү тургузууда курулуш нормалары сакталган эмес. Ушундай эле көрүнүш Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдө дагы бар. Ага эч ким жооп бербейт. Силер каалайсыңарбы жокпу, үйлөрдү курууда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар түзүлүшү керек",- деди депутат.
19/02/2014