Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандагы инсулиндин запасы жөнүндө маалымат берүүсүн өкмөттөн суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда парламент жыйында билдирди.

Анын айтымында, ММКларда өлкөдө инсулин таптакыр калбай калды, деген маалымат таралган.

«Дүрбөлөң чыгарбоо үчүн бул боюнча эмне болуп жатканы жөнүндө маалымат бергиле. Кант диабети менен ооруган адамдар өмүр үчүн маанилүү дарыдан кур калбашы керек», — деп белгиледи эл өкүлү.

Ошондой эле ал инсулин сатып алууга тендер жарыялоодо «өтө арзанын» сатып албоону суранды.

19/12/2013

Источник: http://barakelde.org/news:61743/