Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бардык мамлекеттик мекемелердин бардык чыгашалары жөнүндө маалыматтарды интернетке жарыялоо мүмкүндүгүн карап чыгууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда парламент жыйынында өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылып жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар мектеп же оорукана болобу, кайсы уюм канча каражат сарптап жатканынан кабардар болуп турушу керек.

Буга каржы министри Ольга Лаврова учурда система иштелип жатканын айтты. «1-1,5 жылдан кийин ал иштей баштайт», — деп кошумчалады министр.

12/12/2013

Источник: http://barakelde.org/news:61267/