Жогорку Кеңеште класстык чендерди алып салуу демилгеленди. Бул шартты бекемдеген мыйзам долбоору бүгүн парламенттин талкуусуна коюлду. Демилгечи депутаттын айтымында, мамлекеттик кызматта иштегендерди сыйлоо боюнча мындай ыкма өз мүдөөсүнө жеткен жок. Тескерисинче, атаандаштыкты күчөттү. Бирок, бул демилге көпчүлүк депутаттарга жаккан жок. Эл өкүлдөрү аткаминерлер миң доллардан айлык алганда класстык чинди алып салса туура болот эле деген ойдо. Андай болсо депутаттар мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүнү сунуштоодо.
Эгер мыйзам кабыл алынса келерки жылдан тартып класстык чендерди ыйгаруу жоюлат. “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев демилгеси ушундай. Анын айтымында, класстык чен берүү иши атаандашкандарды көбөйткөндөн башка эч кандай жыйынтык бере алган жок. Ошондуктан депутат мамлекеттик кызматта иштегендерди сыйлоонун башка бир жолун табуу туура болот деген ойдо.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев: “Мамлекеттик кызматкерлердин канчалык деңгээлде кесипкөй экенин далилдей турган категориялар бар. Бизде мамлекеттик кызматка орношуп иштегендер жарым жылдан кийин класстык чен алат. Чынын айтканда бул чендер жөн эле айлык-маянанын үстүнө каражат кошуу үчүн керек. Класстык ченди алуу үчүн сынак да жеңил. Баш мыйзам менен мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды билсең болду. Баары эле өтүп кетет. Менин оюмча сыйлыкты наамың үчүн эмес ишиңдин мыктылыгы үчүн бериши керек”.
Бирок бул демилге көпчүлүк депутаттарга жаккан жок. Эл өкүлдөрү демилгечинин өзүнүн класстык ченеминин бар же жогуна кызыгышты. Дастан Бекешевдин айтымында ага каласстык чен атайын чечим менен президенттин алдындагы комиссия ыйгарганын айтты. Бирок Бекешев — мыйзамды чен алганга чейин эле иштеп чыкканын айтканы менен депутаттар азырынча мындай мыйзамдарды демилгелөөнүн кажети жок экенин билдирди. Себеби класстык чен мамлекеттик кызматкерге моралдык жана материалдык дем берет.
Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика” фракциясы Урмат Аманбаева: “Мага түшүнүксүз, класстык чиндердин бөлүштүрүлүп жатканы. Мына парламентте 30 чукул депутатка класстык чин берилиптир. Алар эмне башкалардан жакшы иштеп жатабы? Калган депутаттарга качан берилет? Мындай кичине бирдей мамиле болушу керек да”.
Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Орозбек Молдалиев: “Класстык чендерди кимге ыйгарууну атайын комиссия аныктайт. Мен билбейт экенмин кандай принциптерден улам тандалаарын. Аманчылык болсо сиз деле аласыз.”
Эгер класстык чен алына турган болсо, мамлекеттик кызматкерлердин айлык-маянасы көбөйтүлсүн деди депутат Майрамгүл Тиленчиева. Эл өкүлү ченди алууга умтулган кызматкер далалаттанып эмгектенет, анын үстүнө маянасына каражат кошумчалат-дейт.
Жогорку Кеңештин депутаты Майрамгүл Тиленчиева: “Биз каршыбыз бул мыйзам эртерээк сунушталып жатат. Мамлекеттик кызматкерлер иштейт чинди алыш үчүн, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыктары аз. Чин үчүн иштеп аракет кылгандар бар. Анда биздин чиновниктербиз айлыгы миң доллар болгондо киргизгиле. Анда мейли бул мыйзамды беш жылдан кийин киргизели. Азыр туура эмес болбой калат.”
Дастан Бекешевдин айтымында, класстык чин алгандардын айлыгына кошумчалана турган каражат жылына 100 миллион сомду түзөт. Бекешевдин демилгесин бир гана депутат Данияр Тербишалиев колдоого алды. Эл өкүлү керек болсо депутаттардын класстык ченден баш тартканы тууралу токтом кабыл алууну сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократтар фракциясы Данияр Тербишалиев: “Мен мисалы класстык чиним жок мага кереги да жок. Класстык чени бар кызматкердин айлыгына максимум эки миң сом кошулат. Андан көрө биз токтом кабыл алып, президентке жөнөтөлү. Биз өзүбүз үлгү көрсөтөлү да. Муну менен катар бүгүн палата “финансылык секторду өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү бирлигинин ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык Дүйнөлүк банк почта кызматы менен банк мыйзамдарын жакшыртууга болжолдуу 9 миллион АКШ доллардан ашыгыраак каражат бөлүнөт".
14/11/2013
Источник: http://ktrk.kg/ky/content/deputat-dastan-bekeshev-klasstyk-chendin-keregi-zhok