«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөр» маселеси боюнча парламенттик жыйындардын видеожазуулары менен интернет-портал түзүүнү сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай кайрылуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардан түшкөн.
«Алар, КТРК аркылуу биздин жыйындарды көрө албай жатышкандарын айтышты. Келгиле, жыйындардын видеосу менен интернет-портал түзөлү. Бул оор деле эмес», — деди Д.Бекешев.
31/10/2013
Источник: http://www.barakelde.org/news:58415/