Жогорку Кеңеште Бишкектеги курулуш обьектилеринин Башкы планга дал келүү маселесин иликтөө боюнча комисия түзүү сунушталууда. Мындай демилгени бүгүнкү ЖК жыйынында депутат Дастан Бекешев көтөрдү.
Депутат белгилегендей, жарандар тарабынан тийиштүү эреже жана талаптарга туура келбеген көптөгөн курулуш обьектилери боюнча арыздар келип түшүүдө.
Анын айтымында, бул маселе боюнча иштиктүү топ түзүлгөн, бирок ал иш алып барган жок. Буга байланыштуу эл өкүлү комиссия түзүүнү сунуштап, анын курамына шаар кеңеш депутаттарын, Башкы прокуратура жана МУКК [ГКНБ] өкүлдөрүн киргизүүнү сунуштады.
«Балким, МУКК кызматкерлерин кинематографисттерге атаандаш кылдырбай, пайдалуу иш аткартса жакшы болоор. Ал жерде алар аткарчу иштер табылат», — деди Д.Бекешев.
26-сентябрь, 2013-ж.