ИЛИКТӨӨЛӨРДӨН КИЙИН БААРЫ АЧЫКА ЧЫКТЫ
12-июльдагы “ДЕ-ФАКТО” гезитине “Бекешовдун анык жүзү канча эшекке жүк?” аттуу макала жарыкка чыккан.
Макалада депутат Бекешовдун “Манас” аэропортундагы жүк ташуучу борбордогу таштандыны чыгаруучукомпанияларга тендер жарыяланып, ага катышкан “ЧП Якупов” “лоббировать” этип берип жатыптыр деген макала жарык көргөн.
Белгилүү болгондой, Рашид Якупов тендерге катышпай эле, ал жакта келишим менен ландшафттык дизайн менен иштейт экен. Базарларда эч кандай таштандыдан чыккан буюмдарды сатпагандыгы такталды. АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишим боюнча азиздерге берилген жеңилдиктерге карабастан, мамлекетке салык төлөп турат. Азиз адам катары азиздерге жардам берип келет жана депутат Бекешовдун жардамы менен бир канча саламаттык сактоо мекемелерине, мектеп-интернаттарына кол кабыш кылып келүүдө.
Депутаттын айтымында “Civitas” компаниясына кысым көргөзгөн эмес. Бекешов бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Мага жарандар Чүй облусунда европалык стандарттагы сапат менен таштандыларды тазалоочу компаниянын бар экендигин айтып кайрылып калышты. Алар компаниянын экологиялык паспортун көргөзүшүп, өздөрү жазап алгандыктарын айтышты. Паспортунда жасалма интернеттен алган таштандыны кантип тазалоо керектиги тууралуу сүрөттөр, 4 контейнер менен көрсөтүлгөн таштанды тазалоонун жолдору көрсөтүлгөн сүрөттөр жана компаниянын аты жазылган ж.б.нерселер бар экен. Кызыктуусу, айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин бул компанияга экологиялык паспортун текшербей туруп уруксат берип койгондугунда болууда. Чечимде компания АКШнын Кыргызстандагы жүк ташуучу транзиттик борборунан таштанды чыгаруу менен алектенет деп турат. Юстиция министрлигинин официалдуу сайтында “Civitas” компания катары эмес, ЖЧК “Civitas”, катары катталгандыгын байкадым. Бирок, айлана-чөйрөнү коргоо агенствосу тарабынан “Civitas” компаниясы катары документтерди беришкен экен. Америкалык бир сайттан транзиттик жүк ташуучу борбордогу таштандыларды тазалоого тендер жарыялангандыгын окуп калдым. Бул ачык маалымат болгондуктан каалаган адам тендерге катышуу укугуна ээ. Тендерге катыша турган компаниялар өздөрүнүн аттарын ачык жазышы керек экендигин айткам. “Civitaszz” 2008-жылдан бери бар экен жана 17-июнь 2013-жылы кайрадан каттодон өттү деген маалымат бар экен. Мен айлана чөйрөнүкоргоо агентствосунун төрагасы С.Атажановго мыйзам бузулгандыгы тууралуу кайрылуу жасадым. Ал ошол эле күнү ишти иликтеп чыгып, мурунку “Civitaszz” компаниясына чыгарып берген чечимин жокко чыгарды. Компаниянын жобосун билүүгө кайсыл гана жаран болбосун укуктуу, ошондуктан мен дагы компаниянын жобосун сурап алдым. “Civitaszz” компаниясынын жобосунда таштанды чыгаруу менен эмес, жумушчу күчү менен камсыз кылуу деп жазылып турат”.
Депутаттын айтымында, бул компаниянын артында анын бир коллегасы турат. Ал 27-июнда айлана-чөйрөнү коргоо агентствосунун Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгынын жетекчисин чакырып алып, компаниянын чечимин жокко чыгаргандыгын кайра карап чыгып, документти кайра калыбына келтирип берүүнү суранган. Ал жетекчи экологиялык паспортко кайрадан кол коюп берген, бирок Бекешов ал жердеги ар биринин сөзүн айтып бере албайт.
“Транзиттик жүк ташуучу борборго чоң ыраазычылык билдирем жана газетага чыккан маалыматтар жалган экендигин ишеничтүү түрдө айта алам. Макалада кайсыл бирөөнү “лоббировать” эткидей, америкалыктарда биздегидей коррупция жок. Мен Рашид Якуповго өзүнүн мектебине жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем, таштандыдан алынган эмеректерди эч качан балдарга белекке бергенге мен макул болмок эмесмин. Менин айткандарымды текшерем десеңиздер, мен окуп бүткөн мектепке барып көрсөңүздөр анан ишенесиздер. Ушул макаланын кесепетинен саламаттыкты сактоо мекемелерине биз жардам берип келген келишимдер бузулду” деп сөзүн аяктады Бекешов.
Редакция жогорудагыларды эске алып, эгер 5-июль 2013-жылдагы №26-саныбызда “Бекешовдун анык жүзү канча эшекке жүк?”аттуу жана 12-июль 2013-жылы № 27-санына чыккан “Бекешов ыйгарым укугун кысым жасоо аркылуу пайдаланабы?” аттуу макалада жеке ишкер Рашид Якуповдун жана депутат Дастан Бекешовдун беделине шек келтирген жагдайлар болсо, редакция бул үчүн алардан кечирим сурайт.
"ДЕ-ФАКТО" гезити, 6-бет, № 30(137) 2-август, жума, 2013ж.