Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев президент жана өкмөт Аппаратынын кызматкерлеринин маяналары канча тураарын ачыкка чыгаруу керек деди.

«Массалык маалымат каражаттарында Жогорку Кеңештин консультанттары 25-27 миң сом маяна алышат деп айтылып жатат. Алардын эмгек акылары жогортулган суммада айтылып жатат, себеби менин консультанттарым андай сумманы алышпайт. Ошону менен катар депутаттардын эмгек акылары дагы көп деп айтылып, баары жеп-ичкенге кетирип жатышат деп айтышууда. Эмнеге анда өкмөт, президент Аппаратынын кызматкерлеринин маяналары айтылбайт, анда аларды дагы ачыкка чыгаралы. Жалаң эле парламент жөнүндө айткандары Жогорку Кеңешке карата маалыматтык согуш жүрүп жаткандай», — деди ал.

19 января 2012

Источник: http://www.barakelde.org/news:24128/