Бишкек, “Саясат.kg”. Жогорку Кеңеште күрөөканалардын ишин тартиптештирүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, сөзсүз патенттөө түрүн киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин берген маалыматына караганда, акыркы иликтөөлөр салык саясаты күрөөканалардын ишине анча оң таасир тийгизбей жаткандыгын көрсөттү. Күрөөканалар тарабынан табылган салыктык кирешенин негизги бөлүгү көмүскө бойдон калууда.
Акыркы жылдары күрөөканалардын саны өстү, бирок алардан түшкөн киреше көлөмү көбөйгөн жок. Ушу тапта өлкө боюнча 410 күрөөкана иш алпарат. Алардан түшкөн жылдык кирешени бөлүштүрө келгенде, 1000 сомдон гана айланууда. Айына 300-350 сомдон салык төлөгөндөрү да бар. Ал каражат чыныгы киреше көлөмүнө таптакыр туура келбейт. Дал ошондуктан, мыйзам аркылуу күрөөканалардын ишин патенттөө маселеси көтөрүлүүдө.
Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, алдын-ала болжолго караганда, күрөөканаларды патенттөөдөн мамлекеттик бюджетке жылына 75 млн сом киреше түшүүсү күтүлөт.
Салык кызматынын төрагасы Бактыбек Ашыров мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирди. Патент баасын 15 миң сом өлчөмүндө белгилөө болжолдонууда. Андан сырткары, күрөөкананын жайгашкан орду боюнча да үстөк кошулат.
12 января 2012 года
Источник: http://hit.kg/c17cca