«Эч нерсеге карабай, жеңебиз!»
Дастан Бекешевдин шайлоочуларга кайрылуусу
Урматтуу достор, коңшулар жана №22 (Октябрь) шайлоо округунун тургундары!
Акыркы төрт жыл ичинде мен биздин округдун кызыкчылыктарын Жогорку Кеңеште коргоп келдим. Бул мен үчүн чоң сыймык болду.
Бул убакыттын ичинде сиздер менен байланышта болдум: мага телефон чалсаңыздар, Вотсап аркылуу жазсаңыздар, Инстаграм же Фейсбук аркылуу пикир калтырсаңыздар – мүмкүн болушунча ар бириңиздерге жооп берүүгө аракет кылдым.
Жогорку Кеңештеги кабинетимдин эшиги ар дайым сиздер үчүн ачык болду. Жүздөгөн адамдар кабыл алууга келишти, миңдеген жарандар менен алардын короосунда, үйлөрүндө, жыйындарда жана коомдук иш-чараларда жолугуштум.
Чындыгында, бардык маселелерди чечүүгө жана көйгөйлөрдү жоюуга мүмкүндүк болду деп айтуудан алысмын.
Кээде кимдир-бирөөгө батир сатып берүүнү, жумушка орноштурууну, арык казууну, жол салып берүүнү өтүнүштү. Бирок мындай өтүнүчтөр депутаттын ыйгарым укуктарына кирбегендиктен, баш тартууга туура келди.
Айрым суроолорго Бишкек шаардык кеңеш жооптуу болуп, парламент депутатынын милдетине кирген жок. Ошол учурларда жарандарга БШК же мэрия аркылуу маселе кантип чечилерин түшүндүрүп берүүгө аракет кылдым.
Мен эмнени кепилдейм
Албетте, Жогорку Кеңештин депутатынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бирок мен сиздерге 100% кепилдик бере ала турган эң башкы нерсе – бул дайыма байланышта болуу.
Шайланган соң мени издеп убара болбойсуздар – сиздер ар дайым телефон аркылуу чалып же жазып кайрыла аласыздар. Эгерде сиздин маселеңиз менин милдетиме кирсе, аны чечүүгө сөзсүз аракет кылам.
Мен сиздердин атыңыздардан депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүнү, комитеттерде жана Жогорку Кеңештин жыйындарында чыгып сөз сүйлөөнү улантам. Сиздердин көйгөйлөрүңүздөрдү өкмөткө жана мамлекеттик органдарга жеткирем.
Сиздердин үнүңүздөр Жогорку Кеңеште сөзсүз угулат. Мен шайлоочулардын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон элдин эркин билдирүүчү болуп келдим жана болуп кала берем.
Мыйзам демилгелери
- Жашыл аймактарды коргоо жөнүндө – ар бир даракты, көчөттү жана гүлдү сактап калуу үчүн!
- Көп батирлүү үйлөрдө онлайн добуш берүү жана онлайн жыйындар жөнүндө – үйдү башкаруу боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алууну жеңилдетүү жана ар бир тургундун үнү угулушу үчүн!
- Таштанды ыргыткан жарандарды коомдук жумуштарга милдеттендирүү жөнүндө – жоопкерчиликсиз жарандарды эмгек аркылуу тарбиялоо үчүн!
- Скверлерди, сейил бактарды куруп, аларга кам көргөн ишкерлерди сыйлоо жөнүндө – Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу үчүн!
- Үлүшчүлөрдүн укуктары жөнүндө – жарандарды абийирсиз куруучулардан коргоо үчүн!
Бишкек үчүн демилгелер
- Коомдук мейкиндиктердин – балдар жана спорт аянтчаларынын, улгайгандар жана кичинекей балдар менен ата-энелер үчүн эс алуу жерлеринин санын көбөйтүү жөнүндө;
- Бишкектин бардык аймагына ирригация жана сугаруу системаларын киргизүү жөнүндө;
- Башаламан курулушту токтотуу жөнүндө;
- Смог деңгээлин төмөндөтүү чаралары жөнүндө;
- Республикалык бюджеттин эсебинен жаңы бала бакчаларды жана мектептерди куруу жөнүндө.
Мамлекеттик деңгээлде талап кылам
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарынын сапатын жогорулатууну;
- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жакшыртууну, бул багытта алардын укуктарын коргоого байланыштуу демилгелерди улантам;
- Ак ниеттүү жана ишенимдүү жарандарды алдаган адамдар менен каршы күрөшүүнү.
Шайлоо тууралуу маалымат
Сиздер мен үчүн уялбайсыздар! Октябрь округу өз шайлоочусун угуп жана түшүнгөн депутатка ээ болот.
2025-жылдын 30-ноябрында шайлоо участогуна келип, мага добуш бериңиздер!
Шайлоочулар тизмесин текшерүү
- «119» номерине СМС жөнөтүп, паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди жазыңыздар. Жооп катары кайсы жерде добуш бере аларыңыздар тууралуу маалымат аласыздар.
- tizme.gov.kg сайтына кирип, фамилияңызды жазыңыздар – өзүңүздү жана шайлоо участогунузду таба аласыздар.
Эгерде Октябрь округунда катталган болсоңуздар, бирок башка жерде жашап жатсаңыздар – каалаган участокто мага добуш бере аласыздар!
Байланыш
Программага сунуштарыңыздар болсо, суроолоруңуздар жаралса же жөн гана колдооңуздарды билдиргиңиздер келсе – мени менен байланышка чыгыңыздар!
- Вотсап: +996 559 205 510
- Инстаграм: @dastan_bекeshev
Келгиле, кандай гана кыйынчылык болбосун, эч нерсеге карабай – жеңебиз!
Урматтоо менен,
Сиздердин Дастан Бекешев