bekeshev.png

Дастан Бекешев: “Энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу керек”

Кыргызстанда өндүрүлгөн жана сатыкка чыккан спирттик ичимдиктер, энергетикалык суусундуктар жана ага карата жазылган мыйзамдын күчү ошондой эле мыйзамдын аткарылышы туурасында бир катар суроолорубузга Жогорку Кеңештин депутаты Бекешев Дастан Далабайевич жооп берди.

-Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерге карата жазылган мыйзамдын күчү канчалык дейсиз?

-Бүгүнкү күндө алкоголдук ичимдиктерге карата жазылган мыйзамдар жакшы, бирок аткарылышы жаман болуп жатат. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан аткарыла турган иштер дагы коррупцияга аралашып кетип жатат. Алар дүкөндөрдү текшерүү убагында мыйзам бузган сатуучулар акча менен ишин жаап койгон учурлар болуп жатат. Ошол себептен мыйзам аткарылбай жатат десек болот.

-Алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн ишканалардын 50% көмүскө иштешет экен. Себеби эмнеде?

-Алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн ишканалар жетиштүү өлчөмдө салык төлөп жатышат. Акыркы кездери видео көзөмөл коюлуп баштады. Бирок Кыргызстанга чет мамлекеттерден алкоголдук ичимдиктердин түрлөрү импорттолуп келет. Аларды толук текшерүүгө ала албай жатабыз. Өлкөгө импорттолуп келген спирттик ичимдиктерге канча салык төлөнүп атат, кайда сакталат, кайда сатылат бул боюнча көзөмөл жок.

-Спирттик ичимдиктерди жарнама кылуунун тартиби кандай болуш керек?

-Бир топ депутаттар ушул мыйзамды сунуштаганбыз. Мурда саат кечки 22ден тартып, таңкы 6га чейин спирттик ичимдиктердин жарнамасы сыналгыдан бериле берчү. Бул убакта жаш балдар уктай элек болот. Жаңылыктардан кийин эле спирттик ичимдиктердин кооз адамды өзүнө тартып тургандай кызыктуу тартылган жарнамасы кете баштайт. Аны өспүрүмдөр көрүп, ичимдикке болгон кызыгуусу артат. Ошол себептен жарнаманын убактысын түнкү 12ге жылдырдык. Ушул мыйзамды аткарбагандар 700 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул төлөшөт. Буга радио, телекөрсөтүү жана басылмалар дагы көңүл бурушу керек. Радиолордон “Семиз козу” деген аталыштагы аракты жарнамалап жүрүштү. Спирттик ичимдик деп ачык айтышпайт, бирок “семиз козу” деп ар кандай оюндарды өткөрүшөт. Ушул боюнча Монополияга каршы агенттигине кат жазып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатып, азыр мындай акциялар өткөрүлбөй калды.

-Мыйзамда жашы жете элек өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынган. Аталган мыйзамды аткарылышы кандай болуп жатат дейсиз?

-18 жашка чейинки өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынган. Мыйзамды бузган сатуучу ири өлчөмдө айып пул төлөйт. Бирок бүгүнкү күндө жашы жете элек өспүрүмдөр өздөрү дүкөндөрдө ичимдиктердин түрлөрүн сатып жатышат. Мындай иштерди милиция кызматкерлери көзөмөлдөш керек, бирок бул мыйзам дагы аткарылбай жатат.

-Энергетикалык суусундуктарды спирттик ичимдиктердин катарына кошсок болобу?

-Энергетикалык суусундуктардын курамы башкача болгондуктан, спирттик ичимдикке кирбейт. Бирок бул дагы жаштардын ден-соолугуна зыян. Жаш балдар көпкө уктабаш үчүн аталган суусундуктарды ичип алышат. Бул абдан зыян экенин врачтар дагы айтып жүрүшөт. 2015-жылы депутаттар тарабынан энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу боюнча мыйзамдар сунушталуу алдында турат. Буларды сатыктан алуу үчүн мамлекетке кирүүсүнө тыюу салуу керек.

-Аксиздик белгиге ишенсе болобу?

-Жок аксиздик белгиге ишенүүгө болбойт. Аны оңой эле жасалма жасап коюшат. Аксиздик белгинин заманбап техникалардын жардамы менен,башка түрлөрүн ойлоп тапсак болот.

5

23/12/2014

http://www.maralfm.kg/programmalar/kabar-daamynda/19039-dastan-bekeshov-energetikalyk-suusunduktardy-satuuga-tyyuuu-saluu-kerek.html